Кыргыз иллюзионисттери "Болгария таланттарды издейт" шоусунда калыстардын мактоосуна арзышты

Кыргыз иллюзионисттери Радислав Сафин жана Ольга Крамер "Болгария таланттарды издейт" шоусунун жарым финалында оюн көрсөтүштү. Бул тууралуу бүгүн, 12-майда иллюзионисттердин менеджери Каныкей Султанова билдирди.

Анын айтымында, Радислав Сафин менен Ольга Крамердин өнөрү Болгариянын bTV телеканалынан 9-майда Бишкек убактысы боюнча түнкү саат 01:00дө көрсөтүлгөн. Шоу учурунда кыргыз иллюзионисттери өздөрүнүн өзгөчө этникалык номерин тартуулашкан. Мында алар саналуу секундаларда Борбор Азиянын 10 улуттук кийимин кийгенге жетишип, калыстардын мактоосуна арзышты.

"Болгарияда Радислав Сафин менен Ольга Крамер биринчи ирет эл аралык сахнада өнөр көрсөтүштү. Номер "Oriental Colours", бизче айтканда, "Чыгыштын боёктору" деп аталат. Жыйынтык көрүүчүлөрдүн жиберген СМС-добушунан көз каранды болот. Калыстарга биздин иллюзионисттер жакты, эми көрүүчүлөр колдоп беришсе эле болду", - дейт Каныкей Султанова.

Кыргыз иллюзионисттер "Болгария таланттарды издейт" шоусунда калыстарга жакты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nurjan15
2016-05-12 18:22:20
Ийгилик кана каалайбыз , женишке жетип калышынарды кутобуз
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан