Депутаттар Конституциядагы "бомбаларды" жоюуга багытталган мыйзам долбоорун карашты

Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын 13-майдагы отурумунда "Референдум жөнүндө" конституциялык мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча демилге каралды.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаевдин айтымында, тиешелүү мыйзам долбоору Кыргыз Республикасында референдум өткөрүүдө керектүү механизмдерди киргизүүгө багытталган. "Бул мыйзам долбоорун парламенттин 5-чакырылышында Өмүрбек Текебаев экөөбүз демилгелегенбиз. Бирок керектүү 80 добушка 2 добуш жетпей калып, 2-окууга өтпөй калган. Эми бул долбоорду кайра көтөрүп жатабыз. Анда өтө чоң өзгөртүүлөр жок. Президентибиз айткандай, Конституциябызда "бомбалар" бар. Бул мыйзам долбоору менен ошол "бомбаларды" жойгону жатабыз. Парламенттик шайлоо жана жергиликтүү кеңешке шайлоо кандай өтсө, референдум да ошондой өтмөкчү. Мисалы, биометриялык каттоодон өткөн жарандар гана референдумга катыша алышат", - деди Төрөбаев.

"Сунушталып жаткан конституциялык мыйзам долбоору менен референдум өткөрүү практикасына жаңы автоматташтырылган технологияларды киргизүү үчүн мүмкүндүк коюлууда. Ошондой эле добуштарды автоматтуу саноо үчүн дайындалган түзүлүш болуп саналган, автоматтуу түрдө саноону ишке ашырган урна колдонулмакчы.

Шайлоо комиссияларынын системи жана алардын иштөө принциптери өзгөргөндүктөн, референдумду өткөрүү боюнча аймактык комиссиялар дайыма иштөөчү болуп саналат", - деп кошумчалады фракция лидери.

Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлү бул мыйзам долбоору өз убагында демилгеленип жатканын белгиледи.

Талкуунун жыйынтыгында долбоорду фракция бир добуштан жактырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан