Нарымбаев-Коркмазов окуясы боюнча кийинки соттук отурум 20-майга белгиленди. Бишкек шаардык сотундагы 17-майдагы отурум 3 саатка созулуп, видео боюнча эксперттер жана Жогорку Кеңештеги компьютердик адистер суралышты. Отурумга күбө катары чакырылган депутат Өмүрбек Текебаев чет өлкөдө иш сапарда болгондуктан, бүгүнкү отурумга катыша албаганы айтылды. Депутат кийинки отурумга чакырылат.