Автоунааларды милдеттүү камсыздандырууга тийиштүү мыйзамды 2020-жылы күчүнө киргизүү сунушу четке кагылды

Парламенттин Экономикалык жана фискалдык саясат комитетинде 17-майда “Автотранспорт каражаттарынын ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” жана “Турак жайларды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө” мыйзамдарынын күчүнө кирүү мөөнөтүн 2020-жылга жылдырууну көздөгөн мыйзам долбоору каралды.

Талкууда бул мыйзамдардын күчүнө кирүү мөөнөтүн кийинкиге жылдыруу зарылдыгы жоктугу белгиленип, демилге көпчүлүк добуш менен четке кагылды.

Демилгечилер акыркы жарым жылда экономикалык кырдаал кескин начарлаганын, бул экономиканын ЕАЭБдин шартында иштөөсүнөн, доллар курсунун кескин өсүшүнөн, азык-түлүк бааларынын өсүшүнөн, импорт көз карандылыгынан болуп жатканын айтышты. Камсыздандыруу мыйзамдарынын күчүнө кирүүсү менен жарандардын, өзгөчө жакыр бүлөлөрдүн чыгымдары көбөйүп, алардын материалдык абалына терс таасирин тийгизерин, ошондуктан аталган мыйзамдарды күчүнө киргизүүгө шашылбай турууну сунушташты.

Эскерте кетсек, автоунааларды милдеттүү камсыздандыруу боюнча мыйзамды V чакырылыштагы Жогорку Кеңеш 2015-жылдын 24-июнунда кабыл алып, президент Алмазбек Атамбаев 2015-жылдын 30-июлунда кол койгон. Мыйзам кол коюлган күндөн 6 айдан кийин же 2016-жылдын февралында күчүнө кирген.

Мыйзам күчүнө киргенден тарта унаасын камсыздандырбагандарга чара колдонулушу керек болчу. Өкмөт чара көрүүнү убактылуу артка жылдырган. Мыйзам иштей берет, айдоочулар алдыдагы эки жылдын ичинде унааларын камсыздандырышы керек болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан