Укук коргоочулар президент Атамбаевди сотко беришти

Укук коргоочулар Төлөйкан Исмаилова жана Азиза Абдирасулова президент Алмазбек Атамбаевди сотко беришти. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Исмаилова менен Абдирасулова намысты, абийирди, абройду коргоо жөнүндө доо арызды Бишкектин Биринчи Май райондук сотуна жөнөтүштү.

Айта кетсек, 14-майда "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусунда көп балалуу энелерди Баатыр эне ордени менен сыйлоо аземи өткөн. Анда президент "өлкөдө төңкөрүш жасоону пландаган" делген адамдарды катуу сынга алган. Өз кезегинде өлкө башчы Төлөйкан Исмаилова менен Азиза Абдирасулованы сынга алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан