Камбар-Ата-1 ГЭСин курууга жумшалган 37 миллион доллар боюнча шектенүүлөр жүйөлүү деп табылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Жогорку Кеңештин депутаты Алмамбет Шыкмаматов билдирди.
"Аталган каражаттын кандайча жумшалганын иликтөөчү депутаттык комиссия коомчулуктагы шектенүүлөрдү тастыктап берди. Чынында эле шектенүүлөрдө жүйө бар. Анткени контейнерлерден жасалган жалпы аянты 1100 чарчы метрге тең жатакананын ар бир чарчы метрине 1300 доллардан бөлүнгөн экен. Муну өтө кымбат деп эсептейбиз. Адистердин айтымдарында, мындай иштер 500-600 долларга бааланат", - деп билдирди депутат.
"Каражаттын кандайча жумшалганын жалпы бухгалтердик стандарттар менен ийне-жибине чейин эсептей турган атайын кесипкөй эксперттер керек. Ал Эсептөө палатасы болуп саналат, биз бул мекемеге жөнөттүк. Бир айдан кийин Эсептөө палатасы "жеке компанияны текшере албайбыз" деп жооп берди. Ооба, мыйзамга ылайык, мамлекеттин үлүшү 51 пайыздан кем болсо, Эсептөө палатасы текшере албайт, бирок ГЭСти курууга бөлүнгөн каражаттын ичиндеги акчалар мамлекеттики да. Жеке компания 37 миллион доллар бөлүп бербейт. Элдин, мамлекеттин акчасына байланыштуу иш болгондон кийин Эсептөө палатасы текшериши керек болчу", - деди Шыкмаматов.
"37 миллион доллардын кайндайча жумшалганын иликтөө үчүн өкмөт көз карандысыз эл аралык эсептөө комиссиясын түзгөнү жатат. Мен муну колдойм, анткени иликтөөнүн жыйынтыгында шектенүүлөр болбойт", - деген пикирин айтты депутат.
Айта кетсек, 2016-жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш 2012-жылдын 20-сентябрында кол коюлган Камбар-Ата-1 ГЭСин жана Жогорку Нарын каскаддары ГЭСин куруу жөнүндө келишимди денонсациялоо боюнча мыйзамды 3 окууда тең жактырган. КРнын Тышкы иштер министринин орун басары Эмил Кайкиев парламенттик комитетте аталган маселе боюнча сүйлөп жатып: "Бул жерде эч кандай саясат жок, бир гана экономика. Орусиялыктар ГЭСтерди куруу долбоорлорунан баш тартышкан жок, алар жаңы шарттарды сунушташты. Бул шарттар кыргыз тараптын кызыкчылыктарына жооп бербейт", - деген.