Жогорку Кеңештин жыйынында 10 эле депутат отурганына Мыктыбек Абдылдаев нааразы болду (фото)

"Жогорку Кеңештин жыйынында 10 эле депутат отурат. Фракция лидерлери тартипти күчөтүшү керек", - деп бүгүн, 19-майда депутат Мыктыбек Абдылдаев нааразы болду.

"Өкмөттүн парламенттеги өкүлү Аширбек Мойдунович Жалал-Абад облусунда болгон селдин кесепеттери тууралуу маалымат берип жатат. Учурда 10 эле депутат отурат, коалициялык көпчүлүктүн өкүлдөрүнүн бири да жок. Фракция лидерлерине депутаттардын жыйындарга катышуусун камсыздап берүү боюнча тапшырма берсеңиз", - деп Абдылдаев вице-спикер Алтынай Өмүрбековага кайрылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан