Тажикстанда президенттин уулунун 2020-жылы өлкө башчылыгына ат салышуусуна жол ачылды

Тажикстандын Борбордук шайлоо комиссиясы өлкөнүн Конституциясына өзгөртүү жана толуктоо киргизүү боюнча өткөрүлгөн референдумдун алдын ала жыйынтыгын жарыялады. Жалпы элдик добуш берүүгө добуш берүүчүлөрдүн 88,3 пайызы катышканы айтылды (22-май, саат 18:00гө карата). Буга ылайык, өлкөнүн БШКсы тарабынан референдум өттү деп таанылды. Муну менен президент Эмомали Рахмон президенттикке өзү каалаган мөөнөткө талапкер боло алышына, анын уулу Рустам Эмомали (сүрөттө) 2020-жылы өтүүчү кийинки президенттик шайлоого талапкер болуп чыгууга мүмкүнчүлүк алды.

Тажикстандык эксперттер БШК акыркы жыйынтыкты жарыялаганда добуш берүүчүлөрдүн 90-95 пайызы долбоорду колдоп, 3-4 пайызы каршы болгонун маалымдай турганын божомолдоп жатышат.

Президенттикке талапкердин жашы боюнча чекти 35 жаштан 30 жашка түшүрүү пункту да референдумга коюлган. Рахмондун уулу Рустам Эмомали учурда 29 жашта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан