Нарымбаевди 3 жылга, Коркмазовду 1 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча өкүмдү шаардык сот күчүндө калтырды

Президенттик аппараттын мурунку башчысы Данияр Нарымбаевди 3 жылга, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Хажимурат Коркмазовду 1 жыл 6 айга эркинен ажыратуу боюнча Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечимин Бишкек шаардык соту күчүндө калтырды. Шаардык соттун өкүмү бүгүн, 24-майда чыгарылды.

Эскерте кетсек, Х.Коркмазов 2015-жылдын 15-июлунда Бишкектин мурунку мэри Нариман Түлеевдин кызынан 100 миң доллар пара алып жатканда кармалган. Кылмыш үстүнөн кармалган депутат тергөө учурунда бул ишке президенттик аппараттын мурунку башчысы Д.Нарымбаевдин катышы бар экенин билдирген. 22-июлда Нарымбаевге айып тагылып, УКМКнын СИЗОсуна убактылуу камакка алынган.

Райондук сотто прокурорлор Д.Нарымбаевге "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык ыйгарым укуктардан аша чабуу" беренелери боюнча айыптап, мүлкүн конфискациялоо менен 12 жыл 6 айга эркинен ажыратууну суранган. Ал эми Х.Коркмазовду 12 жылга эркинен ажыратуу, милициянын генерал-майору наамын алып салуу жана мүлкүн конфискациялоо суралган.

2015-жылдын 27-ноябрында Биринчи Май райондук сотунун чечими менен Данияр Нарымбаев жана Хажимурат Коркмазов "алдамчылык" беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, Нарымбаев 3 жылга, Коркмазов 1 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Сот Нарымбаев жана Коркмазов кылмыш жоопкерчилигине алгачкы жолу тартылганын, алар үй-бүлөлүү экенин, мамлекеттик жана башка мекемелерден наамдарга ээ болгонун эске алып өкүм чыгарган. Коркмазов тергөө иштерине жардамдашканы үчүн сот ага карата жаза мөөнөтүн Нарымбаевдикине салыштырмалуу азыраак берген.

Эркинен ажыратуу мөөнөтү аларды камакка алуу күнүнөн тарта эсептеле баштаган. Ошентип, Х.Коркмазовдун мөөнөтү 2015-жылдын 15-июлунан тарта, Д.Нарымбаевдики 2015-жылдын 22-июлунан тарта башталган. Алардын буга чейин СИЗОдо өткөргөн ар бир күнү эки күн катары эсептелинет.

Шаардык сотто прокурорлор Х.Коркмазовго карата райондук соттун чечимин жокко чыгарып, ага карата айыпты "алдамчылык" беренесинен "пара алууда ортомчулук кылуу" беренесине өзгөртүүнү суранышкан. Ал эми Д.Нарымбаевди "опузалап пара талап кылуу" жана "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу" беренелери боюнча жарым-жартылай күнөөлүү деп таап, тиешелүү өкүм чыгарууну суранышкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан