Өмүрбек Текебаев Батукаевди бошоткон судья боюнча президентке кат жолдоду

Депутат Өмүрбек Текебаев кылмыш чөйрөсүнүн өкүлү Азиз Батукаевди абактан бошоткон судья Жапар Эрматовду Нарын облусунун райондор аралык сотунун судьясы кызматына дайындоодон баш тартууга чакырып президент Алмазбек Атамбаевге кат жолдоду.

Текебаев 2013-жылкы чуулгандуу окуяларга карабай Эрматов бүгүнкү күндө да Нарын шаардык сотунда судьялык кызматты аркалап, эми кызматынан көтөрүлүүгө аракет кылып жатканына нааразычылык билдирген. Депутат судья Эрматов райондор аралык соттун судьялыгына жарыяланган сынактан жогорку упай алганын, аталган судья Батукаевди абактан мөөнөтүнөн мурда бошотуу чечимин чыгарууда мыйзамды бузганын эске салат.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 9-апрелинде Нарын шаардык соту Батукаевди "айыккыс дартка чалдыкты" деген жүйө менен бошотуп, ал ошол эле күнү өлкөдөн чыгып кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан