Бүгүн, 26-майда Жогорку Кеңештин жыйынында кыргыз тилин өнүктүрүү маселеси каралууда. Анын жүрүшүндө депутат Садык Шер-Нияз билим берүү жана илим министри Эльвира Сариеванын "Манас" эпосун билүү деңгээлин текшерди.
Депутат министрге "Манастагы" 4 сапты ("Коломсокко кол салып,/ Колуна тартып ок алып./ Киричине чалганча,/ Коюп Манас кеткени...") айтып берип, эмнени түшүнгөнүн айтып берүүнү суранды. Сариева эч нерсе деген жок. Депутат экинчи жолу аталган 4 сапты кайталаганда да министр жооп бербей отурду.
"Өлкөнүн билим берүү жана илим министри "Манастын" 4 сабын түшүнө албай койду. Биздин коомдо Чыңгыз Айтматов ким экенин билбей калгандар бар. Кыргыз тилине көңүл бурулбай калды. Ата-бабаларыбыздан калган "Манас" эпосун унутуп баратабыз. Бул чоң трагедия", - деп нааразы болду Садык Шер-Нияз.