Перу. Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотовго карай ок атылып, ал ооруканага жаткырылды

Перуда спортчу Валентина Шевченконун машыктыруучусу Павел Федотовго карай ок атылып, ал ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары кабарлайт.

Маалыматка ылайык, Валентина менен машыктыруучусу Перуда ресторандардын биринде отурушкан. Ошол маалда ал жакка 3 куралчан адам кирип келип, кассадагы акчаларды талап кылышкан. Буга катар алар эс алуучулардын баалуу буюмдарын, акчаларын, чөнтөк телефондорун алып башташкан. Интернетте тараган видеодон муну карап тура албаган Павел Федотовдун тапанчасы менен куралчандарга карай ок чыгарып жатканын көрүүгө болот. Көп өтпөй ага карай ок атылып, ок машыктыруучунун сол бөйрөгүнө тийген. Ал ооруканага жеткирилди. Валентина Шевченко жабыр тарткан жок.

Федотовго карай ок атылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Urmat-1989
2016-05-31 11:27:46
кененирээк жазсанар
0
admiral
2016-05-31 12:52:48
Кана ошо видеосу?
0
Jyrgal_msk
2016-05-31 21:54:26
Официантка бейгам эле журотго тигилер тоноп жатса...
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан