Депутат Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалды

Жогорку Кеңештин депутаты Галина Скрипкина Евразия экономикалык биримдигинин соттук кызматына дайындалды. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, тиешелүү чечим 31-майда Казакстанда өткөн ЕАЭБ мамлекет башчыларынын жыйынында кабыл алынды.

Айта кетсек, Галина Скрипкина Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетин жетектейт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан