Президент Алмазбек Атамбаев 31-майда Казакстан Республикасына бир күндүк иш сапарынын алкагында Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын Астанада өтүп жаткан жыйынына катышты. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматы жарыялады.
Маалыматка ылайык, кеңири курамдагы жыйындагы сөзүндө мамлекет башчысы Жогорку евразиялык экономикалык кеңешке мүчө мамлекет башчыларынын жолугушуусун жакшы уюштургандыгы жана жылуу маанайда тосуп алгандыгы үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге ыраазычылык билдирди.
"Кыргыз мамлекети Евразиялык интеграция долбоорун колдоп, Евразиялык экономикалык биримдик келишимине кол койгондон бери бир жыл өттү. Мисалы, кыргыз-казак чек арасындагы бажы көзөмөлүнүн алынышы, Орусияда жана ЕАЭБдин башка өлкөлөрүндө мигранттардын абалынын жакшырышы сыяктуу интеграциянын оң жактарына карабастан, бир катар маселелерге токтолгум келет. Бул бирдиктүү темир жол тарифинин, кыргыз картошкасынын Казакстанга киришин чектөө, кыргыз-казак чек арасында ветеринардык көзөмөлдү алуу, Орусия аймагы аркылуу товарларды ташуу жана башка маселелер", - деди Алмазбек Атамбаев.
Президент Алмазбек Атамбаев бул маселелерди түшүнүп жана кыска мөөнөттө чечүү убадасы үчүн Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаевге жана Орусиянын президенти Владимир Путинге ыраазычылык билдирди.
"Кызматташтыктын ушундай форматын колдоо менен мен интеграциянын негизги максаттарына жетүүгө мындан ары да сиздерди колдоого жана өз кызматтарыңыздарды ар кандай тоскоолдуктарды жоюуга багыттоого чакырат элем. Анткени тоскоолдуктар ЕАЭБдин беделине доо кетириши мүмкүн. Келишимге 2014-жылы 29-майда кол коюлган, эки гана жыл болду. Бирок биздин Биримдиктин зор потенциалы көзгө көрүнүп калды. Албетте, бир катар жыйынтыктар жана ийгиликтер менен кошо кемчиликтер жана жаңылыштыктар, атайылап жасалган көйгөйлөр да бар. Кыязы, өсүп келе жаткан жаш организмде ошондой болот окшойт",- деди Кыргыз Республикасынын Президенти.
"Биздин элдерде, биздин өлкөлөрдө башка жол жок экенин биз так түшүнүүгө тийишпиз. Биримдиктин келечегине, биздин өлкөлөрдүн келечегине баарыбыз жооптуубуз. Эмгек менен сабырдуулук, акылмандык менен өз ара кызматташуу керек", - деп жыйынтыктады Атамбаев.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттер башчылары жыйында Биримдик ичиндеги жана үчүнчү өлкөлөр менен да кызматташтыктын маанилүү маселелерин талкуулап, тийиштүү чечимдерди кабыл алышты.