Жогорку Кеңеш Кашкар Жунушалиевдин ИИМдин башчысы кызматына талапкерлигин жактырды. Добуш берүүгө катталган 113 депутаттын 105и "макул" деп добуш беришти, "каршы" добуш берилген жок.
Жунушалиев Кашкар Астаканович 1961-жылы Чүй облусунун Аламүдүн районунун Арчалы айылында туулган. 2000-жылы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин бүтүргөн.
1981-жылы - Фрунзе ички иштер башкармалыгынын милиция кызматкери;
1984-1986-жылдары - Фрунзе шаарындагы ИИМдин атайын орто мектебинде окуп, аяктаган соң Фрунзенин Октябрь РИИБинин аймактык тескөөчү кызматына дайындалган;
1991-жылдан тарта - Бишкек шаарынын Октябрь РИИБинин алдын алуу иштери боюнча бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
1992-жылы аталган - РИИБдин жооптуу тескөөчүсү;
1994-1997-жылдары - Октябрь РИИБинин башчысынын орун басары;
1997-1998-жылдары - Биринчи Май РИИБинин башчысынын орун басары;
1998-2003-жылдары - Бишкек ШИИББинин коомдук коопсуздук бөлүмүнүн башчысы;
2003-2007-жылдары - Ысык-Көл ОИИБинин башчысынын орун басары;
2007-2008-жылдары - Чүй ОИИББинин башчысынын орун басары;
2008-жылы - Баткен ОИИБинин башчысынын орун басары;
2008-2009-жылдары - Бишкек ШИИББинин башчысынын орун басары;
2009-2010-жылдары - КРнын ИИМинин Коомдук коопсуздук боюнча мамлекеттик башкармалыгынын башчысы;
2010-2014-жылдары - КРнын ИИМинин башчысынын орун басары;
2014-2016-жылдары - Бишкек ШИИББинин башчысы;
2016-жылдын 30-майы - ИИМдин башчысынын милдетин аткаруучу.