Жогорку Кеңештин 1-июндагы жыйынында ИИМдин башчысы кызматына Кашкар Жунушалиевдин талапкерлиги каралып жаткан учурда депутат Анвар Артыков талапкерден "Коопсуз шаар" долбоору болобу?" деп сурады.
Жунушалиев буга төмөнкүдөй жооп берди:
"Бүгүнкү күндө "Коопсуз шаар" милиция кызматына керектүү долбоор. Өкмөт да аны ишке ашырууга кызыкдар. 3-июнда аталган долбоор боюнча сот отуруму өтүп, токтом чыгары күтүлүүдө. Андан соң мыйзам чегинде долбоорду ишке ашырам. Айтыш керек, бул долбоорду жергиликтүү бийлик менен ишке ашырууга туура келет".