Жогорку Кеңештин 2-июндагы жыйынында депутат Тынчтык Шайназаров интернеттеги массалык маалымат каражаттарында терс маалыматтардын көбөйүп кетишине нааразычылыгын билдирди.
"Интернетке кирсең, кылмыштардын тизмесин окуп жаткандай сезим пайда болот. Адам өлтүрүү, зордуктоо, унаа кырсыктары, террордук акттар, эки депутаттын урушуп кеткени боюнча кабарлардын саны жакшы маанадайгы кабарлардан кыйла көбүрөөк. Ата-бабаларыбыз сактап келген, ынтымакка чакырган, үй-бүлөлүк баалуулуктарды мамлекеттик деңгээлде пропагандалоо керек", - деди Шайназаров.