Алмазбек Атамбаев Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевди Данакер ордени менен сыйлады

Президент Алмазбек Атамбаев бүгүн, 6-июнда кыргыз өлкөсүнө расмий сапар менен келген Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен жолугушту.

Жолугушууда мамлекет башчы кыргыз мамлекети менен Орусиянын ортосунда кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана эки өлкөнүн мамилесин чыңдоого кошкон салымы үчүн Медведевге Данакер орденин тапшырды. "Бул сыйлык достукту бекемдөөгө чоң салым кошкондорго ыйгарылат. Биздин биринчи жолугушуудан тарта эле сиз дайыма бизге жардам берүүгө аракеттенип келе жатасыз. Сиз Кыргыз Республикасына өзгөчө жылуу мамиледесиз. Биз акыркы жылдары сиздин колдоону сезип жатабыз", - деди президент.

Медведев өз кезегинде жогорку мамлекеттик сыйлык үчүн президент Алмазбек Атамбаевге ыраазычылык айтты. "Бул биздин өлкөлөр ортосундагы достуктун символу, элдерибиздин азыркы заман шарттарында жакшы жашашы үчүн жүргүзүп жаткан жалпы ишибиздин символу. Биз экономиканын өнүгүшү, социалдык чөйрөдө маанилүү чечимдер кабыл алынышы үчүн аракеттенип жатабыз. Орусия менен Кыргыз Республикасынын ортосунда достук мындан ары да бекемделиши үчүн болгон күч-аракетимди жумшайм", - деди Медведев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан