Бишкек. Фучик көчөсүндөгү жүк ташуучу унаалар токтоочу жайда чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду

Кечээ, 6-июнда борбор калаанын Фучик көчөсүндөгү жүк ташуучу унаалар токтоочу жайда чыккан өрт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

"6-июнда саат 18:00дөр чамасында Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгына Фучик көчөсүндө газ ташуучу унаа жарылгандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. 5 жүк ташуучу унаа өрттөнүп, газ ташуучу эки цистерна жарылган. Унаа токтоочу жайдын жанындагы өрттөнгөн имараттын чатыры күйүп, өрт 180 чарчы метр жерге чейин жайылган. Коопсуздук эрежелери сакталбай, бир унаадан экинчи унаага газ өткөрүлүп жатканда өрт чыккан. Анын кесепетинен 10 адам жаракат алып, №4-ооруканага жиберилген. Өрттүн себебинен келип чыккан жалпы чыгым азыркы убакта такталып жатат", - деп айтылат маалыматта.

Бул факт боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 176-беренесинин 2-бөлүгү (мүлккө келтирилген зыян) боюнча кылмыш иши козголуп, тиешелүү экспертизалар дайындалды.

Достук кичи районундагы автобаза күйүп жатат 06.06.2016
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
RaHat19
2016-06-07 22:59:35
ошону учун чон май куйуучу заправкаларды да шаардын сыртына чыгарыш керек.болбосо ушудай болбойт деген кепилдик жок.ал эми кырсыка кабылгандар аман эсен айыгып кетсин.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан