Баш калаанын Достук кичи районундагы газ ташыган унаалардан чыккан өрттөн жабыркагандардын айрымдарынын абалы оор экенин 7-июнда Бишкек шаардык травматология жана ортопедия бөлүмүнүн башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков SUPER.KG'ге билдирди.
Маалыматка ылайык, ооруканага жеткирилген 9 адамдын ичинен 6 адамдын абалы оор. Учурда алар жандандыруу бөлүмүндө жатышат. Ал эми 2-кабаттан кулаган өрт өчүрүү кызматкеринин кабыргасы сынып кеткен. Азыркы убакта аны дарылоо иш-аракеттери көрүлүп жатат.