Бишкектеги жарылууда жаракат алган үчүнчү адам каза болду

Бишкек шаарынын Достук кичи районундагы газ ташыган унаанын жарылуусунан жабыркаган 12 адамдын дагы бири каза болду. Бул тууралуу SUPER KG'ге Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборунун башкы дарыгери Алмаз Кубатбеков билдирди. Анын айтымында, 46 жаштагы
Б.Абдрахманов 8-июнь күнү саат 23:15те каза болду. Анын денесинин 95 пайызы күйүп, оор абалда №4- шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жаткан. Буга чейин да жаракат алгандардын экөөсү каза болгон эле.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
Shaa-82
2016-06-09 11:32:18
Эх, Жаткан жеринер жайлуу болсун! Аллах бут билип билбей кылган куноолорунорду кечирсин!
+1
radyakiz
2016-06-09 11:35:11
Эмне себептен жарылды эле.
0
aker_kg
2016-06-09 11:55:23
Йа Раббим жайын жаннаттан кыла кор
+2
zear8891
2016-06-09 11:57:40
Абдрахманов Буркут(коргондордун айтуусу боюнча)мына ушул адам бишкекти сактап калды.озу орттон сыртта турса да адамдардын омурун сактап калыш учун жалындаган орттун ичинен кирип,газ чыгып жаткан шлаганы жапкан.ошондон кийин газовоздун устунон газ напор менен чыгып.орт жогору, абаны карай куйгон.бул аракетин кылбаганда 5км жер жарылып миндеген курмандыктар болушу мумкун экен.мен олсом да башкалар тируу калгын десе керек.сиздин бул эрдигинизди билген,уккан адамдардын арасында жаркын элесиниз калат
+10
zear8891
2016-06-09 12:03:25
Орозо айында Аллахым сизге бейиштен орун берсин.сиздей адамдык сапаты жогору,улуу адамдар чанда жаралат.биз учун омурун бою тируусуз.сиз менен сыймыктанып журобуз.
+3
zear8891
2016-06-09 14:02:04
Билгенге Чолпонбай дзотко тошун тоскондон,Марат Исаев метронун астына жаткандан кем эмес эрдиги калды.95 пайыз денеси куйуп ооруканада жатса да,мен жакшымын,ойлонбогула жакшы болуп кетем 100 пайыз эмес го деп жакындарын сооротуп жатты.
+3
mishonia8077
2016-06-10 18:51:11
Эмнеге эле карапайым адамдар кырсыкка учурайт,бир да уга элекмин бир чиновник олуптур же кырсыкка учураптыр дегенди
0
zear8891
2016-06-11 09:56:57
Аллахым озуно жаккандарын ушинтип эрте алып кетет экен.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан