Президент Алмазбек Атамбаевге кыргыз өлкөсүндөгү элдердин биримдиги жана этностор аралык мамилелерди бекемдөө иштери боюнча маалымат берилди. Президент менен жолугушууда бүгүн, 9-июнда Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча агенттиктин башчысы Бакыт Рыспаев: "Бир катар системдүү чаралар көрүлдү, анын катарында этностор аралык мамилелер тармагында мамлекеттик саясатты улуттук жана жергиликтүү деңгээлде ишке ашырууга жооптуулардын системи түзүлдү. Тил саясатын ишке ашыруу аракети өзгөрдү, өзүнүн улутуна карабастан, бир өлкөнүн жарандары экенине сыймыктангандар көбөйдү", - деди.
Алмазбек Атамбаев көп улуттуу өлкөнүн жарандарынын ынтымагын бекемдөө мамлекет үчүн абдан маанилүү экенин белгилеп, жарандар арасындагы мамилени чыңдоо иштеринин эффективдүүлүгүнө көңүл буруу зарылдыгын айтты.