Бишкектин борбордук бөлүгүндөгү эски үйлөрдү сүрдүрүүгө жол ачуучу мыйзам даярдалды

Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүндөгү эски курулуштар бузулушу мүмкүн. Карпинский, Линейная, Жибек-Жолу көчөлөрү жана Жаш Гвардия бульвары менен чектелген аймакта 1996-жылга чейин курулган курулуштарды алып коюу тууралуу мыйзам долбоору даярдалып, коомдук талкууга коюлду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери - “Ата Мекен” фракциясынын депутаттары Өмүрбек Текебаев, Аида Салянова, Садык Шер-Нияз жана башкалар. Документтин максаты – Кыргыз Республикасынын борбор шаарын заманбап көрүнүшкө келтирүү. Жаңы заманбап имараттарды куруу үчүн эскилиги жеткен үйлөрдү (менчигинин түрүнө карабай) жана имараттарды мэриянын балансына алып коюп, сүрдүрүү жолдору сунушталууда.

Долбоорго ылайык, менчик ээсине мүлктүн баасындагы компенсация төлөнөт. Бузула турган мүлктүн базар баасын мэриянын комиссиясы жана көз карандысыз компаниялар, баалоочулар аныктайт. Мыйзам долбоору жакын арада парламентте каралмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
badboy1111
2016-06-13 13:25:47
Мына бар экенсинерго иштесе болот экенго, олкодогу борбор шаарлардагы главный жолдорду кенейтиш керек, ушул эле долбоорду Ош шаарынын мээринеда сунуш кылсанар жакшы болотле, ош да жаман пробка. Акыркы кундору О.Текебаев, А. Салянованын жасаган жана пландап жаткан иштери жагып атат, ушул жолунарда тайбагыла.
+4
badboy1111
2016-06-13 13:32:39
Эгерде ушул мыйзамды да ЖК колдобосо анда олконун онугушуно салым кошом деген бирда депутат патриот эмес болот
+1
Bakytbek.Satibekov
2016-06-13 18:28:08
Ата мекенди 100% колдойм
0
barpy
2016-06-13 20:15:50
Bakytbek.Satibekov, Аида Салянова баш прокурор болуп турганда жер чуусуна аралашып ага дооматтар айтылган, адашпасам Жибек Жолундагы участка же уй тууралуу болсо керек эле. Айтор Ата-Мекендин кооз популист созунун аркасында оздорунун жеке кызыкчылыктары бар деп ойлойм... Текебаев коптогон жылдар оппозицияда журуп 2010дон бери Атамбаев ж.б. "убактылуулар" менен чогуу бийликте, бирок озгоргон эч нерсе жок, эл ошол эле кыйын жашоону башынан откоруудо...
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан