Улуттук банктын төрагасы 120 миң сом айлык алат

Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгуловдун айлык акысы 120 миң сом. Бул тууралуу ал өзү Жогорку Кеңештин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банктын төрагасынын орун басарлары айына 108 миң сомдон, Улуттук банктын башкармалыгынын мүчөлөрү 102 миң сомдон алышат. "Эч кандай кошумча сыйлыктар каралган эмес. Бирок эгер Улуттук банк керектүү жылдык көрсөткүчтөргө жетсе, биз үчүн "он үчүнчү маяна" каралган. Улуттук банктын төрагасынын жана башкармалыгынын мүчөлөрүнүн айлыктарынын көлөмүн өлкө башчы бекитет", - деп кошумчалады Абдыгулов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
ofiser26
2016-06-14 20:02:31
А мен эртеден кечке,кобунчосу куну-туну жумушта болуп алганым10 000 сом. Анын жарымы комиссияга кетет. Мен чынында айлык учун иштебейм. Элдин тынчтыгы мен учун тугонгус айлык.
+4
Usow
2016-06-14 20:23:08
Апей мен бир жылда 72 мин сом эле алат экем бул аке бир айда 120 мин сом танкалыштуу
+2
sgushenka
2016-06-14 20:32:18
Ой бууй, кайсы бети менен ЭЧ КАНДАЙ СЫЙЛЫКТАР КАРАЛГАН ЭМЕС деп айтты экен айлыгынын озу сыйлык болуп жатса же актанганыбы? 13й зарплатанын не кереги бар буларга? Не дейбиз эми насип этсин...!
+5
Azizbek.kg8
2016-06-14 20:44:37
Жарым жылда. Араң иштеп тапкан акчамго
0
Rifle_S
2016-06-15 09:16:14
Azizbek.kg8,буйруп насип этсин, жарым жылда 120000 болсо жакшы эле экен
0
Aytur
2016-06-14 21:54:06
Бизде ушундай кара жумуш оор жумуш кылгандарга айлык 7 8 мин чонураак жумушка отурса эле айлык которулот.
Ал адам жумуш кылып жатабы же жон эле кенешчисинин айтканы менен эле кол коюп коюп болду эс алып отурат кабинетте!!!
0
ZANIA-92
2016-06-14 22:33:12
Оозум ачылып эле калыптыр, эсиме келсем... мен 7000 сомго олло суйунуп иштеп журчу элем...
0
janusi
2016-06-14 23:08:17
Ар ким иштеген ишине жараша айлык алат
0
ss90
2016-06-14 23:10:00
биз байкуш жургон экенбиз да....
0
Futuro
2016-06-15 00:17:16
Ошон үчүн окуш керек. Үзүрүн көрөсүң.
Эгерде ушу кишини стройкага киргизчи айына 5000сом табат. Ал эми стройканы билген адам көп алат. Значит ар бир адам ишине жараша алат результат Зыңк акча дагы зыңк.
0
PeRa
2016-06-15 01:05:02
Австрияда иштебей олтурган бир уй булоо 2 баласы менен 1700 евро алат. Бул жакта 13-14- зарплата баарына толонот.
0
Jaloshtalnarisbatchui
2016-06-15 01:05:51
15000$ алгандар бар...
0
muzaffer
2016-06-15 05:32:25
Окугула. Окуган тиштейт дегендей. Мен коп жылдан бери чет олкодомун. Чынын айтсам бул тораганын айлыгы аз экен. Бул жерде окуган жакшы жерде иштеген кыргыз жаш балдар бар. Алган айлыктары эн аз 5000-6000$=400000-500000сом алышат. Бул тораганын акчасына эмне анча асылдынар. Арекет кылгыла силерде да болот.
0
Karalina
2016-06-15 11:01:28
Тораганын айлыгы 120.0 болсо, депутаттардыкы канча болду экен. 2 эсе коп болуш керек.
0
Kroxa
2016-06-15 21:06:36
Кыргызстанда 50 долларга бир ай иштегендер бар ошон учун канада италия россиялап журобуз го 36мин рубль алам жетпейт айдан айга...
0
yasmina_kg
2016-06-15 23:11:11
Аз корсотулгон болуш керек 3 мин доллар банктын директору эле алат деп укам .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан