Аксыда чагылган жана селдин кесепетинен 120 кой-эчки өлдү

Аксы районунун Ак-Жол айыл аймагында чагылгандын соккусунан 80 кой-эчки өлсө, 40 кой-эчки селге агып өлдү. Бул тууралуу бүгүн, 20-июнда Ак-Жол айыл аймагынын башчысынын орун басары Келдейбай Сатыбеков SUPER.KG'ге билдирди.

Анын айтымында, 16-июндан 17-июнга карган түнү Ак-Жол айыл аймагынын Суук-Төбө жайлоосунун Катын-Өлдү жайытына чагылган түшкөн. Анын кесепетинен 80 кой-эчки өлгөн. Ошондой эле катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп, 30 кой-эчки селге агып өлсө, 10 кой-эчки катуу жамгырдан буюгуп өлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (13)
bosmos777
2016-06-20 13:02:26
Кудай сактасын!
+6
new_hacker
2016-06-20 13:08:30
Катын-Өлдү деген атты биринчи ирет угушум
+2
novayariga
2016-06-21 12:57:38
new_hacker,ушундай жайлоо бар бизди,жайында да олло суук адам чыдагыс. Жайдын куну бир аял олгон деп укам ошондон улам калса керек
0
Kyrgyz-aiym
2016-06-20 13:09:49
Адамдарды Кудай сактаптыр
+1
nur_zhoni
2016-06-20 13:09:50
120кой эчки олуптур
+2
take220281
2016-06-20 13:58:08
120 кой эчки десе ак үйдү бир элестетип алдым. Бөөдө кырсыктардан кудай сактасын.
+9
KaiMak
2016-06-20 14:03:45
ак уйдогу 120 кой олуп калбаптыр ошонун ордуна
+11
AKCAHAT
2016-06-20 14:13:59
KaiMak,ошону ойлоп аттым эле мен дагы
+7
Jooshbai
2016-06-20 14:35:38
jakyndaryna konul aitabyz
0
KaiMak
2016-06-20 14:39:43
дагы сел журуп 120 бука олбосун )))
+1
KGstan1981
2016-06-20 14:44:27
бальким бул бизде иштеген 120 жеп жутарларыбзга Тооба кылгыла деп Аллахтан белги келгендир жанагы Ж.Акаев Жума Намазга бир саат болуп берууго мыскылдап эки колу менен каршы чыкты элегоо.
+5
Mech.kg
2016-06-20 16:49:51
120кой
+2
Nurbollot
2016-06-20 17:23:37
Совпадение 120 кой
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан