Жогорку Сот Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиевди камактан бошотту. Бул тууралуу бүгүн, 21-июнда Жогорку Соттун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, бүгүн Жогорку Сотто Максат Чакиевдин иши каралган. Анда соттук коллегия Максат Чакиевди 350-берене (документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды кол менен жасоо, даярдоо, берүү же пайдалануу) боюнча актап, камактан бошотту. Ал эми 314-берене (пара берүү) боюнча айыптуу деп табылып, 500 миң сом айып пул салынды.
Айта кетсек, 2015-жылдын 28-май күнү Максат Чакиев 92 миң сом пара берип жаткан жеринен кармалган. Ал эми 30-май күнү Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту аны 2 айга камакка алган. 2016-жылдын 29-мартында Бишкек шаардык соту аны 3 жыл 6 айга эркинен ажыраткан.