Бишкектеги Курманжан датка жана Огонбаев көчөлөрүнүн кесилишинде жол кырсыгы катталып, 24 жаштагы жөө жүрүүчү каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 23-июнда Жол-патрулдук милициясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, кырсык 22-июнь күнү саат 17:00 чамасында болгон. Анда 25 жаштагы кичи автобустун айдоочусу жолго чуркап чыга калган адамды сүзүп алган. Жабырлануучу ошол жерден каза тапкан. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.