Бишкектеги Панфилов менен Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишиндеги көп кабаттуу турак үйдүн чатырындагы өрттү өчүрүү үчүн дагы 3 өрт өчүрүүчү бөлүм тартылып, өрттүн очогу өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 23-июнда билдирди.
"Имарат "Г" тамгасындай, жарым-жартылай жашоочулар жайгаштырылган. Өрт курулуш жүрүп жаткан эл жашабаган бөлүмүнөн чыккан. Өрттүн очогу өчүрүлүп, учурда урандыларды тазалоо иштери башталды", - деп билдиришти ӨКМдан.
Өрттү өчүрүү иш-аракеттерин Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы Мамлекеттик өрт өчүрүү кызмат агенттигинин орун басары, полковник Догдурбек Абираев башкарып жатканы маалым болду.