Кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери: "Цирктин тегерегинде капуста, бадыраң өстүрүлүп, элге уят болдук"

Бүгүн, 24-июнда Кыргыз мамлекеттик циркинин кызматкерлери аталган мекеменин директору Курмангазы Исанаев менен иштеше албай жатышканын айтып жыйын өткөрүштү.

"Канча жолу кайрылдык, көңүл бурган эч ким жок. Цирк талкаланып калды. Биз жетекчибиз менен иштешпейбиз. 22 жылдан бери 45 адам иштейт. Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов цирктин жетекчиси кетерин айткан. Учурда цирктин өнүгүү планы жок. Мени 2 жылдан бери цирктин имаратына киргизбейт", - деди КРнын Эл артисти Манат Эшимбеков.

Цирктин кызматкерлеринин айтымында, мында иштеген артисттер жаныбарларды өздөрү сатып алып, кийимдерин өздөрү тиктиришет.

"Искусствону билген директор келсин. Маданият министрлигине үнүбүз жетсе дейбиз. Эгерде өкмөт бизге көңүл бөлбөсө, биз өнөрлөрүбүздү көчөдө да көрсөтө беребиз. Сын айтканыбыз үчүн бизди иштен айдап, аркабыздан кууп жатат", - дейт режиссёр Клара Тажибаева.

"9 жылдан бери жаңжал болуп жатат. Кыргыз цирки Советтер Союзунун убагында 3-орунда эле, азыр эл аралык деңгээлден артта калды. Кыргыз мамлекеттик циркинин директору 12 жылдан бери Курмангазы Исанаев, ал ишкер. Директор уюштуруучу болуш керек эле, бирок бизде андай эмес болуп жатат. Цирк өлкөбүздө 1976-жылдан бери иштейт, бир да жолу капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлө элек", - дешти кызматкерлер.

Алар президентке жана элге кайрылышты: "Циркке көңүл бөлүңүз, ишин нөлдөн башташ керек. Цирктин артисттери кырылып кете электе сактап калгыла. Имараттын тегерегинде балык багылып, капуста, бадыраң өстүрүлүп жатат. Элге уят болдук".

Жыйынды өткөргөндөрдүн маалыматына ылайык, цирктин абалы оор. Кызматкерлер 3600 сом айлык алышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
barsa30
2016-06-24 14:02:54
ммда кытайлар коп кафе ачышкан ошолорду тартипке келтириш керек . оло уят мамлекеттик циркте кытай кафеси ачылганы
+2
elli_88
2016-06-24 14:41:39
ал бизнесмен киши жаны директор болгондо эле цирктин тегерек усту ресторан болот деп пландаган имиш. тааныштарынан уккам
+1
KGstan1981
2016-06-24 17:54:37
Атамбаевтин заманында шоферлор советник президента,жан сакчылар ГКНБнын бир болугунун башчысы, ал эми бизнесмендер цирктин жана маданият борболордун башчылары б-п дайындалгандарына ичим кейит.
-1
new_hacker
2016-06-25 04:40:35
жакшы
0
admin_portal
2016-06-26 12:44:40
koutinho, этика нормаларын сактаңыз! 5 күн БАНга!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан