Ак үйдүн алдында өзүнө өзү бензин чачып өрттөөгө аракет кылган адамды милиция кызматкерлери кармап кетишти. Бул тууралуу бүгүн, 24-июнда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, нааразы болгон Кемин районунун 1972-жылы туулган тургуну Б.М. Жогорку Кеңештин депутаты Абдыгапар Султановго нааразы болуп, өзүн өрттөөгө аракет жасаган.
"Бир колуна желим бөтөлкөгө куюлган бензинди кармап, экинчи колуна ширеңке алып, жанына эч кимди жолотпой, өрт коюуга аракет кылган. Жанында байкап турган адамдар колун кайрып, ширеңкени алууга аракет жасашкан. Мындай аракеттерге милиция кызматкерлери да аралашып, өзүнө өрт коюуга аракеттенген адамды кармап, милиция бөлүмүнө алып кетишкен", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Өзүн өрттөөгө аракет кылган тургундун жубайы Жогорку Кеңештин депутаты Султановдун жакын тууганына таандык кредиттик компанияда жетекчи болуп эмгектенген. Ишканада каржылык мыйзам бузуулар орун алып, Б.Мнын жубайына кылмыш иши козголуп, камакка алынган. Нааразы болгон Б.Мнын айтымында, депутат тергөөгө кысым жасагандыктан ушундай жолгон барган.