1 миллиард сомго жакын каражат жумшалган Бишкек-"Манас" аэропорту жолу сентябрь айында бүткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 27-июнда SUPER.KG порталына Транспорт жана жол министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, 2015-жылы 17-сентябрда башталган Бишкек-"Манас" аэропорту жолу ушул жылдын сентябрь айында бүтүү алдында турат. Учурда жолдун бир тарабы бүткөрүлгөн. Жалпы узундугу 23 чакырым 700 метрди түзөт.
"Жолдун ортосундагы 1800 түп арча алынып, ортосуна темир тосмо орнотулууда. Ал эми арчалардын 810 даанасы "Ата-Бейит" мемориалдык музей-комплексине, 600ү мамлекеттик резиденцияга, ал эми 390 даанасы "Ош" Эл аралык аэропортуна тигилген", - деп билдирди басма сөз кызматы.
Белгилей кетсек, Бишкек-"Манас" аэропорту унаа жолун тендерден утуп алган "Технотоп" жол-курулуш компаниясы 954 миллион 499 234 сом каражатка курууда.