Кыргыз жеринде Кадыр түн 1-июлдан 2-июлга караган түнү белгиленет. Бул тууралуу SUPER.KG порталына 28-июнда Кыргыз Республикасынын Мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.
Кадыр түндү Бишкек шаарынын тургундарынын көпчүлүгү борбордук жана бир катар ири мечиттерде тосушса, облустардагы тургундар да Кадыр түндү шаардык жана айылдык мечиттерде өткөрүшөт.
Орозо ислам дининин беш негизинин үчүнчүсү болуп саналат. Орозо айында орозо кармоо - мусулмандардын парзы. Бул ай мусулмандар үчүн эң ыйык жана куттуу айлардан. Ал эми Кадыр түн кечеси миң айдан да куттуу.