Жорж Сорос: “Кыргыз мамлекети эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгону үчүн демократиялык өнүгүүсүнүн деңгээли жогору болду”

“Кыргыз мамлекети эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгону үчүн демократиялык өнүгүүсүнүн деңгээли жогору болду. Коррупцияга малынбаган президентке ээ болгондугу жагынан Кыргыз Республикасы жолдуу”, - деди Жорж Сорос. Белгилүү америкалык финансист жана миллиардер мындай пикирин 24-июнда “Открытая Россия” клубунда билдирди.

Жорж Сорос СССР жана Орусияда анын фонду кантип иш баштаганын айтып берип жатып, залдан берилген суроолордун биринде кыргыз өлкөсү тууралуу да сөз козгогон. “Советтер Союзунан ыдыраган мамлекеттер жөн эле постсоветтик өлкөлөр эмес, алар башка. Канчалык таң калтырарлык болбосун, Орусиядан эң көп обочолонгон өлкө Казакстан болду. Кыргыз мамлекети эң жакыр өлкөлөрдүн бири болгону үчүн демократиялык өнүгүүсүнүн деңгээли жогору болду. Коррупцияга малынбаган президентке ээ болгондугу жагынан Кыргыз Республикасы жолдуу. Башка өлкөлөр Орусиядан көбүрөөк көз каранды, андан тышкары алар алда канча алсыз. Мисал катары Тажикстанга көз чаптырсак болот. Батыш көңүлчөөк мамиле кылган өлкөлөрдүн бири – Азербайжан. Анда жагымсыз диктатордук режим өкүм сүрөт. Мен дагы узакка уланта алам, бирок мамлекеттердин бири-бирине окшош эмес экендиги – аларга карата олуттуу мамиле кылуу керектигинин далили. Бул жөн гана советтик системдин постсоветтик уландысы эмес”, - деди Жорж Сорос.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан