Өлкө аймагында 7 баллга жеткен жер титирөө катталды

Өлкө аймагында 7 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка таянсак, жер титирөө түнкү саат 3:38де болгон. Анын очогу Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чек араларында, Алай тоо кыркаларында жайгашкан. Жер титирөө Ош облусунун Бор-Дөбө айылында 7 балл, Сары-Таш, Арча-Булак, Кара-Киндик айылдарында 6 балл, Нура, Эркеч-Там айылдарында 5-6 баллга сезилген. Алдын ала алынган маалыматка караганда, кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (17)
sezim_osmonalieva111
2016-06-29 08:49:28
Ошто катуу эле болду,кудай сактасын
+2
Malik92
2016-06-29 08:54:07
Жалал-Абадта да туну 02:45 ушул сааттын тегерегинде бир жолу силкинди да токтоду.
+1
Elaman.alai
2016-06-29 09:16:18
Алайда 3:30да болду окшойт
0
jemile
2016-06-29 09:24:57
Катуу болду..
+1
Oylonkyrgyzym
2016-06-29 09:28:46
Кайсыл жерде зына ачыктан ачык көбөйсө ал жерде жер титирөө көбөйөт. Азыр көчөдө басыштан уялып калдың,жарым жылаңач болушуп,уялуу эмне экенин унуткандар көбөйдү.
Чапташып ар жерде өбүшүп уятты жыйнаштырып,өздөрүн заманбап сезгендер көбөйдү. Туура эмес экенин айтсаң, сен эскичесиң деп күйдүрөт. Ошого окшогондордун кесепети бүт эл журтка тийет.

+9
Oylonkyrgyzym
2016-06-29 09:30:23
Эсибиз барда этегибизди жыйнайлы. Дагы Кудайга шүгүр кылайлы жараткан бизге эскертүү берип жатат. Кыйроолор болбой жатат. Чоң балээ келип басып кала электе Кудайга жалынып тооба кылайлы. Менин жүрөгүм таза деп кыйынсынбай.
+6
Totoeva1987
2016-06-29 09:50:33
Totoeva1987 (2016-06-29 09:44:13) Ар пенде бул дуйно жалган сыноо учун берилгенин билсе туура эмес адаттардан алыс болушат эле. Аллахым озу сактасын ансыз да азыр крисиз кридит да коп болуп эл кыйналып турганда. Ыйык рамазан айында орозо тутуп журогубуздон жакшы тилектерди тиленип ж.о.э дубабыздын кабыл болушун сураналы элибизде тынчтык болсун.
+5
Totoeva1987
2016-06-29 09:51:01
Totoeva1987 (2016-06-29 09:44:13) Ар пенде бул дуйно жалган сыноо учун берилгенин билсе туура эмес адаттардан алыс болушат эле. Аллахым озу сактасын ансыз да азыр крисиз кридит да коп болуп эл кыйналып турганда. Ыйык рамазан айында орозо тутуп журогубуздон жакшы тилектерди тиленип ж.о.э дубабыздын кабыл болушун сураналы элибизде тынчтык болсун.
+1
Amai
2016-06-29 10:12:19
Туну уктап жаткан жерден ойгондум 4 чу этажда элем
0
Amai
2016-06-29 10:14:14
Кудайым озун сакта ыйман берсин элибизге
0
kanykey125
2016-06-29 10:25:43
Кудай сактасын.тынч бололу
0
bosmos777
2016-06-29 11:07:21
Жараткан сакта! Кыргыз мамлекетимди!
0
Asan_aksy
2016-06-29 11:31:34
Кудай сактасын элибизде тынчылык болсун
0
Tahmina.Musaeva
2016-06-29 11:50:06
Ээми эле ооз жаап, чай ичип буттук элек. Аябай катуу титиреди.
0
Bek94
2016-06-29 14:23:04
Айнек титиреп атты мен шамал болуп жатат деп ойлогом
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан