Балдарынын бири оор же өтө оор кылмыш жасаган болсо да энесине Баатыр эне орденин тапшырууга парламент уруксат берди

Жогорку Кеңеш "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары жөнүндө" мыйзам долбоорун 2-окууда жактырды. Анда Манас, Курманжан датка, Данакер, Баатыр эне ордендери белгиленген. Мамлекеттик сыйлыктарды бирдейлештирүү максатында Манас ордени даражаларга бөлүнбөйт. Ошондой эле “КРнын Эмгек сиңирген ишмери” деген бирдиктүү ардак наам берилет, ал эми “КРнын Эл жазуучусу”, “КРнын Эл акыны”, “КРнын Эл сүрөтчүсү”, “КРнын Эл артисти” өзгөчө ардак наамдары сакталат.

Мындан тышкары мыйзам долбоорунда "балдарынын бири оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобо белгиленген эле. Депутаттар буга каршы чыгышып, добуш берүү аркылуу бул жобону алып салышты.

Долбоорду талкууда президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Молдакун Абдылдаев: алдарынын бири оор же өтө оор кылмыш жасаса, энесине "Баатыр эне" наамын берүү туура эмес. Эне 7-8 бала төрөптүр, макул, бирок балдарынын бири башка адамдын баласын өлтүргөнү өтө терс көрүнүш, этикага жатпайт. Ошондуктан кылмышкердин энесине "Баатыр эне" наамын бербөө позициясында турабыз", - деген.

Ал эми депутаттар "балдарынын бири оор кылмыш жасагандыгы үчүн энесине "Баатыр эне" наамын бербей коюу туура эмес" деп айтышкан.

Депутат Таабалды Тиллаевдин айтымында, эч бир эне баласы кылмышкер болсун деп төрөбөйт. "7-8 баланы төрөп, багуу оңой эмес. Жашоодо ар кандай учур болот. Балдарынын бири кокустан кылмыш жасашы мүмкүн. Бул жерде кылмыш жасаган баланын энесинин күнөөсү жок", - деген Тиллаев.

Депутат Талант Мамытов "балдарынын бири өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон учурда энесин Баатыр эне ордени жана Эне даңкы медалы менен сыйлоого көрсөтүүгө жол берилбейт" деген жобону көп балалуу энелердин укуктарын тебелөө деп баалаган. "Биз көп баланы төрөгөнү үчүн "Баатыр эне" наамын берип жатабызбы же туура тарбиялаганы үчүнбү?" - деп таң калган Мамытов.

Айта кетсек, 7 жана андан көп балалуу эне Баатыр эне ордени менен, 6 балалуу эне Эне даңкы ордени менен сыйланат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан