29-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында “5-мартты жыл сайын Ак калпак күнү деп белгилөө жөнүндө” Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралып, кабыл алынды.
Депутат Тазабек Икрамов 2016-жыл – Маданият жана тарых жылы деп жарыялангандыгына байланыштуу жана кыргыз элинин улуттук баш кийиминин маанилүүлүгүн сактоо максатында Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору даярдалгандыгын билдирди. Анын айтымында, бул маселени 2011-жылдан бери коомдук активисттер демилгелеп, эл арасында 5-мартта Ак калпак күнү катары расмий эмес түрдө белгиленет. Бул күндү эл колдоого алып, майрамдап келет.
Талкуунун жүрүшүндө токтом долбооруна депутат Гүлшат Асылбаеванын сунушуна ак калпакка кошо улуттук кийимдерди да кошуп, "Ак калпак жана улуттук кийимдер күнү" деген түзөтүүсүнө макулдук берилди.
Жыйынтыгында Жогорку Кеңештин тиешелүү токтомунун долбоору кабыл алынды.