2015-2016-окуу жылында өлкө боюнча мектепти 62 миңден ашуун окуучу аяктады. Ал эми быйыл 15-жолу өткөрүлгөн жалпы республикалык тестирлөөгө 50 039 абитуриент катышты.
Тестирлөө жогорку окуу жайында окууну ийгиликтүү уланта турган окуучуларды аныктоо үчүн өткөрүлөт. Аны мамлекеттик эмес билим берүү мекемеси - Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору өткөрөт. Тестирлөө кыргыз жана орус тилинде өткөрүлүп келсе, 2013-жылдан тарта өзбек тили кошулган. 2011-жылдан баштап бюджеттик гана эмес, контракттык негиздеги окууга өтүү үчүн да тесттен өтүү талап кылынат. Анын жыйынтыгы менен абитуриент кайсы окуу жайда, кайсы адистикте окуй турганы аныкталат.
ЖРТны тапшыргандар үчүн категориялар боюнча 5 түстөгү сертификаттар берилет:
Алтын түстөгү сертификат өлкө боюнча эң жогорку балл алган 50 окуучуга берилет. Бул сертификат менен алар өлкөнүн каалаган окуу жайына, каалаган адистикке тапшыра алышат.
Сыя көк түстөгү сертификатты бийик тоолуу аймактардын абитуриенттери алышат.
Сары түстөгү сертификат айыл мектептеринин абитуриенттерине берилет.
Ачык көк түстөгү сертификатты облустардагы шаарларда окуган бүтүрүүчүлөр алат.
Кызыл түстөгү сертификат Бишкек шаарынын бүтүрүүчүлөрүнө берилет.
Сертификаттардын түстөрүнүн эч кандай артыкчылыгы жок. Болгону абитуриенттерди кабыл алуусу категориялар боюнча жүргүзүлүшү үчүн гана керек.
Баарыбызга белгилүү болгондой, бир адистикти даярдоо үчүн студенттерден кеминде бир тайпа түзүлөт. Ага бюджеттик жана контракттык негизде окуган студенттер алынат. Эгер негизги менен кошумча тесттин суммалары бир нече абитуриенттики бирдей болуп калса, спорттук даражасы бар абитуриентке артыкчылык берилет, спорттук чини жок болсо, предметтик тесттен жогору балл алган абитуриентке берилет.
Бюджеттик орундар бардык категориядагыларга бөлүнөт. Ар бир категорияга каралган орундардын саны ошол категориядагы жана сынакка жалпысынан катышкан абитуриенттердин санынан көз каранды болуп, өкмөт тарабынан бекитилген №256-токтомдогу атайын формула менен чыгарылат.
Ошондой эле бюджеттик орундар согуштун катышуучуларына жана согуштан майып болгондорго каралган жеңилдиктерге жана кепилдиктерге ээ болгон I, II топтогу майыптарга, кичинекей кезинен бери майыптарга, майып балдарга, жетим жана кароосуз калган балдарга, Кыргыз Республикасынын жараны болбогон кыргыз улутундагыларга, 2002-жылы 17-18-марттарда болгон Аксы окуясында, 2010-жылы Апрель, Май, Июнь окуяларында каза болгондордун балдарына, кайрылман макамына ээ болгон категориядагыларга да өкмөт бекиткен бюджеттик орундар каралган. Ал үчүн бул категориядагылар ЖОЖдун гранттык комиссиясына кайрылуусу зарыл.
Белгилүү болгондой, быйыл жогорку окуу жайларда абитуриенттер үчүн 5700дөй бюджеттик орун берилген.
Контракттык негизде окууга быйылкы босого баллдан жогору алган абитуриенттер тапшыра алышат. Эске салсак, быйылкы босого балл былтыркыдай 110 баллды түзөт. 2015-2016-окуу жылы ЖРТнын жыйынтыгы менен 25 351 абитуриент контракттык негизде окууга мүмкүнчүлүк алышты.
ЖРТ Кыргыз Республикасында 15 жылдан бери өткөрүлүп келсе, кыргыз-түрк лицейинин 2009-жылкы бүтүрүүчүсү Евгения Щербакова эң көп 242 балл алып рекорд койгон. Ал мүмкүн болгон 245 баллга болгону 3 балл гана жетпей калган. Быйылкы абитуриенттер алган баллдардын арасынан эң жогоркусу балл 237 болду.
Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун маалыматы боюнча, алтын түстөгү сертификатка быйыл 50 эмес, 52 абитуриент татыды. Ошондой эле тестирлөө маалында ар кандай эреже бузуулар болуп, тиешелүү жактарга чара көрүүгө кайрылуулар жөнөтүлдү.
"Бирөөнүн ордуна башка бирөө кирип кеткендер болду. Алар тестирлөөдөн четтетилишти. Медициналык академиянын студенттери тестке катышууга катталып, анын жүрүшүндө тапшырмаларды чыгарып берген фактылар аныкталды. Аларга чара көрүү менен аты-жөнүн жазып жетекчилигине кайрылдык. Кээ бир мектеп жетекчилери 10-класста окуган балдарды киргизип жиберишиптир. "Эмнеге андай кыласыңар?" десек, "эмки жылы деле киришет, быйыл күчтөрүн сынап алышсын" деп жооп берип жатышты", - дейт Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун адиси Чынара Батракеева.
Тесттин суроо-жоопторун сатып алууну сунуштагандар болгону тууралуу айтылгандар боюнча Чынара Батракеева төмөнкүлөргө токтолду:
"Тесттин суроолорун сатып алышты деген сөздөр - куру сөздөр. Андай болсо 15 жыл ичинде коррупциялык иш ачылмак. Ата-энелерге бирөөнө ишенбей, балаңарга ишенгиле дейт элем. Инвестицияны балага салып, аны окутуш керек".
Тесттин суроолору, жооптору тарап кетпеш үчүн тестирлөө өлкө боюнча 2 баскыч менен өткөнүн Билимди баалоо жана окутуу усулдары борбору билдирди. Биринчиси 17-18-майларда, экинчиси 20-21-майларда өткөрүлүп, тесттер эки бөлөк түзүлгөн. Эскерте кетсек, былтыр биринчи баскычта айрым абитуриенттер тестирлөөнүн суроолору тартылган сүрөттөрдү интернетке таратып жиберишкен. Бирок Билим берүү жана илим министрлиги интернет аркылуу тарап кеткен тесттин үлгүлөрү абитуриенттерге эч кандай жардам бербей турганын билдирген.
ЖРТга кандайдыр бир себептерден улам катыша албай калган абитуриенттер үчүн 23-24-июлдарда Бишкек жана Ош шаарларында тест тапшыруу мүмкүнчүлүгү берилет.