Ала-Букада 3 районго кызмат кыла турган, 105 жумуш орунду камсыздаган эт комбинаты курулат. Бул тууралуу Ала-Бука районунун акими Сонунбек Акпаралиев билдирди.
Үстүбүздөгү жылдын күз айларында Чаткал, Аксы, Ала-Бука райондорундагы мал чарбачылыгы менен алектенгендер үчүн эт комбинаты курулмакчы.
Ала-Бука районунун акими: "Жалпы 105 жумуш орунун камсыздай ала турган эт комбинаты курулат. Комбинаттын курулушу менен Аксынын 130 миң калкы, Чаткалдын 50 миң эли, ошондой эле Ала-Буканын 100 миң эли үчүн жагымдуу шарт жаралат. Анткени күн сайын 30 баш майда жандык, 10 баш кара мал союлуп, эт азыгынан жасалуучу продукциялар даярдалып, Европа өлкөлөрүнө экспорттолот", - деп билдирди.
"Комбинаттын курулушун Ала-Бука райондук администрациясы колдоого алып, "Кыргыз эт" ассосациясынын төрагасы Рысбек Абдурасулов, жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү жана фермерлер менен жолугушуу уюштуруп бердик. Жакынкы аралыкта Германиянын "Гернер" фирмасы комбинаттын курулушун баштайт", - деп кошумчалады Акпаралиев.
Белгилей кетсек, комбинатка союлуучу малдын баасы базар наркынан жогору сатылып алынат. Ошондой эле ветеринардык талаптар катуу коюлат.