Боом капчыгайында унаа жолду ылай аралаш суу каптады

Боом капчыгайында Бишкек-Торугарт унаа жолунун 139-чакырымын ылай аралаш суу каптады. Бул тууралуу бүгүн, 1-июлда Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

“Ылай аралаш суунун жолду каптоосуна бүгүн түштө катуу жааган жамгыр себеп болгон. Учурда ал жерде №32-Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иштөөдө. Ошондой эле зыяндарды тактоо иштери жүрүп жатат”, - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.

Транспорт жана жол министрлиги тарабынан атайын техникалар тартылып, калдыктарды тазалоо иштери жүрүүдө. Учурда унаа жолдун бир тарабы ачык.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Mers124
2016-07-01 17:25:58
Арык жокпу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан