Бүгүн, 3-июлда Франциядагы Европа чемпиондугунун акыркы жарым финалчысы аныкталат. Франция курамасы мелдеште сенсация жараткан Исландия курамасы менен беттешмекчи.
Франция курамасынын оюнчулары Адиль Рами жана Н'Голо Канте буга чейин катары менен алган сары айып кагаздарынан улам бул жолу командасына жардам бере алышпайт. Ал эми Исландия курамасында мындай маселе жок. Эки командада тең жаракат алган оюнчулар жок.
Жарым чейрек финалда Франция курамасы Ирландияны 2:1 эсебинде уткан. Исландия болсо ушундай эле эсеп катыштыгында Англия курамасын утуп, мелдештен четтеткен.
ФРАНЦИЯ-ИСЛАНДИЯ
Сен-Дени шаары. "Стад-де-Франс" стадиону
Калыс: Бьорн Кейперс (Голландия)
Башталышы: 01:00 (Бишкек сааты боюнча)
Бул оюнда утуп чыккан команда жарым финалда Германия курамасы менен беттешмекчи. Жарым финалдык беттештер 6-7-июлга туураланган.
Жарым финалдагы атаандаштар:
6-июль. Португалия-Уэльс
7-июль. Германия-Франция/Исландия