Өзбекстандан кайтарылып алынган пансионаттардын аталыштары кыргызчаланды. Бул тууралуу SUPER.KG'ге 7-июлда Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматынан билдиришти.
Ушул жылдын апрель айында Өзбекстандын Ысык-Көл облусундагы "Рохат", "Дилором", "Золотые пески" жана "Бустон" пансионаттары Кыргыз Республикасына өткөн.
Маалым болгондой, "Рохат" пансионаты - "Алтын жай", "Дилором" - "Эне-Сай", "Золотые пески" - "Бостери" деп аталды. Ал эми "Бустон" пансионатынын аталышы өзгөргөн жок.