Саламаттыкты сактоо министри: "5 жаштагы майып баласы менен келген Таттыгүл Шамиеваны кабыл алгам. Кууп чыккан эмесмин"

Саламаттыкты сактоо министри Талант Батыралиев бүгүн, 8-июлда SUPER.KG порталына 5 жаштагы майып баласы менен келген Таттыгүл Шамиеваны кабыл алып, бирок кууп чыкпаганын билдирди.

"Мен ал баланы апасы менен кабыл алгам, бирок аларга орой мамиле кылган эмесмин. Ал менин табиятыма каршы келет. Мен дарыгер катары анте албайм. Айыкпас дарты болсо деле үмүтүн жоготкон сөз чыгышы мүмкүн эмес. Бир эмес, бир нече жолу кайрылса да тажабайм, кабыл ала берем. Министрликтин эшиги 24 саат бою ачык, иш бөлмөмө ар бир адам кире алат", - деп кошумчалады Батыралиев.

Ал эми жардам берүү туурасында министр төмөнкүлөрдү айтты:
"Тилекке каршы, биз мыйзам чегинде гана жардам бере алабыз. Жардам сурап кайрылгандар көп, колубуздан келишинче жардам берүүгө аракет кылабыз".

Эскерте кетсек, 5 жаштагы көзү көрбөгөн, баса албаган майып Кадырбек Арзыбаевдин апасы Таттыгүл Шамиева саламаттыкты сактоо министринин кабинетине жардам сурап барып, министрлик гуманитардык жардамга келген дарыдан берерин билдирип, "мындан ары акча сурап келбегиле" деп кабинетинен чыгарып койгонун айткан.

"Таттыгүл Шамиеванын майып баласынын документтерин тактап, министрликтин кепилдик программасынын долбоорунун алкагында тийиштүү дары-дармектер берилет", - деп билдирди Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
mahabat.
2016-07-08 17:29:21
24 саат ачык деген калп
+4
Rifle_S
2016-07-08 20:51:33
Ал дегени ар дайым келсе да ачык дегени. Иш учурун эске алганда.
-1
Rifle_S
2016-07-08 20:51:34
Кабарды биринчи окуганда эле ойлогом, кууп чыкпаса керек деп. Адамдар да чоңойтуп айтканды жакшы көрүшөт да.
Азыр баарыбызда телефон бар, ар дайым видеого тартып алыш керек өзгөчө учурларды. Мага да жардамы тийип калды , сүрөткө тартып алгандарым.
-1
Jyrgal_msk
2016-07-08 22:42:39
Rifle_S,Бийлик,байлык ар нерсеге алып барат.Коп адамдардын козун май басып калат.Адамдар кийген кийимине,суйлогон созуно карап мамиле кылып калды.
+1
Rifle_S
2016-07-10 13:11:17
Jyrgal_msk,менин жазганыма сенин жазганың дал келбейт. Эмнеге мага жооп жаздың ?
0
abdillaevna-96
2016-07-09 09:34:37
Азыр bольницага акчан bолсо bарыш кк,bарсан 1-ооруп жаткан адамды эмес,жанындагы адамдарды карашат,кандай адамдар экен колунда bарbы жокпу дешип анан ошого карап мамиле кылышат
+1
Rifle_S
2016-07-10 13:12:36
Бүт жашоосуна нааразы болгондор.
0
bah_tee
2016-07-11 15:31:08
Ооба силер 24 саат эмес 28 саат иштейсинер кантип уялбай айтып жатат 24 саат ачык деп. Саат 5 кийин барсан бирин таппайсың
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан