Италиянын түштүгүндө жүргүнчүлөрдү ташыган эки поезд сүзүшүп, 22 адам каза таап, 50дөн ашыгы ар түрдүү жаракаттарды алып ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу бүгүн, 13-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, кырсык 12-июль күнү Бари шаарына жакын жерде болгон. Кагылышуудан үч вагон толук талкаланып, бири рельстен чыгып кеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын келип чыгышына “адамдык фактор” же компьютердик системдин иштебей калышы себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.
Каза болгондордун арасында бир поезддин машинисти да бар. Ал эми экинчиси оор абалда ооруканага жеткирилген.