Режеп Эрдоган "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген" деп оппозициялык ислам үгүттөөчү Фетхуллах Гюленди айыптоодо

"CNN Turk" телеканалында Түркиянын президенти Режеп Эрдоган "мамлекеттик төңкөрүш жасоого аракеттенген" деп Америка Кошмо Штаттарында жашаган оппозициялык ислам үгүттөөчү Фетхуллах Гюленди айыптоодо. Бул тууралуу "Дождь" басылмасы жазып чыкты.

Андан соң ушундай эле жоромолу менен түркиялык юстиция министри чыккан. Гюлендин тарапташтары бул козголоңго анын эч кандай тиешеси жок экенин айтышып, бул айыпты "өтө жоопкерчиликсиз" деп аташкан.

"Фетхуллах Гюлен - "Хизмет" руханий кыймылынын лидери, мурунку имам, исламий коомдук ишмер. Анын Түркияда таасири чоң, ислам дүйнөсүндө анын жолун миллиондогондор жолдошот. 2013-жылы Гюлен "Time" журналынын версиясы боюнча дүйнөнүн таасирдүү адамдарынын 100дүгүнө кирсе, "Foreign Policy" журналы боюнча 500дүккө кирген, ошондой эле мусулмандар арасындагы таасирдүү адамдардын тизмесинен 11-орунду алган.

Гюлен өзүнүн тексттеринде илим жана билимдин коомдун өнүгүүсүндөгү ролун баса белгилеп келет. Ал демократияны саясий режимдин эң ыңгайлуусу деп эсептейт. Анын идеялары 150дөй өлкөдө миңдеген мектептерди, университеттерди жана маданий борборлорду ачууга түрткү берген. Түркияда анын мектептери эң мыкты деп эсептелинет.

1999-жылы АКШга дарыланганы кетип, кайра кайткан эмес. 2000-жылы Түркиянын бийлигине каршы иш-аракеттерди кылган деп айыпталган. 2008-жылы кылмыштын курамы жок болгондуктан, иш жабылган. Ага карабастан, Гюлен Эрдогандын партиясын колдоп келген. Ал эми 2013-жылы Стамбулдагы Гези сейил багынын курулушуна каршы чыккандарга колдонулган чараларды сындаган Гюлен менен Эрдогандын мамилелери бузулган", - деп жазылган басылмада.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (29)
FIFA-UEFA.
2016-07-17 01:35:01
Бутеле Гуленрчилер коммент жаза баштапсынарго)))))
-9
Sultanim
2016-07-17 14:42:59
FIFA-UEFA., эмне чычалагандан ушул жоопту тарифных? )))
0
Sultanim
2016-07-17 16:30:00
Sultanim, таптынбы?
0
limuna
2016-07-17 03:00:11
Офф силерге эмне,кыргызстан кантиб онугот ошону тартышкыла
-4
sagyn01
2016-07-17 03:57:30
limuna,сен туура жазганды уйронгонундо онугот
+6
kona_bmw
2016-07-17 07:22:18
Эрдоган бир ок менен уч коенду атып алды. Ото куу адам экен. 1-Турциянын Армиясыдан башка бут бийлик бутактары Ердогандын кишилер эле, бул оюнду озу баштап Армияны дагы озуно откорду Генералдарды кармап, 2-эмки шайлоого гарантия койду, 3- душманы Гюленди айыптап анын адамдарын камоого дурус айып такты, анткени мурдагы айыптоолору далилсиз болчу. Бул жон эле оюн болду, логично кантип армия бийликти женалбайт? Андай армияны кыргыз таш менен эле женип алат го... А негизи кучтуу армия болчу...
+5
NUR-01
2016-07-17 08:07:26
Bul oiun Kojo efendi aalym adam
+4
beka1207
2016-07-17 11:59:14
kona_bmw,
Тогулгон кан алыска узатпайт эгер атайын уюштурулган план болсо!
+2
kona_bmw
2016-07-17 07:31:40
Армияга озунун тынчыларын киргизип, ошол озунун адамдары бул атаканы баштады да, башталары менен бийликтин тарабына отуп кетишти, ал эми Ердоганга каршы келген Генералдар бул капканга тушуп калды. Антпесе бардык аскердик техника армиянын колунда болчу: танк, ф16 истребительдер, вертолет жана жуз миндеген аскерлер. Ал эми бийликти полиция кантип корумак согушчан аскерден? Бул Ерогандын саясаты болбосо демек Турцияны 5000 кыргыздын жонокой жараны таш менен эле басып алат экен да)
+2
kona_bmw
2016-07-17 07:42:48
4- коен да бар экен )) акыркы 1 айда турк эли Ердоганды каттуу сындап аткан, Сириялык 3 миллион качкындын добушу учун аларга жарандык берем деген жана бардык мамлекеттик окуу жайларды акысыз кылып турак жай менен камсыз кылам деген болчу. Буга турк эли абдан кыжырланып Ердоганды президенттике татыктуу эмес деп катту талкууга алган. Ердоган армияны женип элге Герой корунду жана эл согуш коркунучудан куткарган Ердоганга таарынычы тарап кетти жана унутуп деле койду ) ото акылдуу план даярдалган )
+2
beka1207
2016-07-17 11:57:52
kona_bmw,
Ушунча элдин канын суудай токкон "акылдуу" планы жерге кирсин Эрдогандын.
+4
Oolokon
2016-07-17 09:38:24
Гуленчилер тойгузду! Мен Сыйлаган акын Женишбек дагы гуленчи экен фейсбукта 2 кундон бери ХХХ, адамдын конулун калтырды...
-12
Aziyatka.Kg
2016-07-17 09:48:36
Ердоган алгааа.
-7
Sezimka....95
2016-07-17 12:25:56
Бул жон гана куру доомат!
+2
tashi62
2016-07-17 13:20:58
Комментарийлер ката жазылган .
0
KaiMak
2016-07-17 15:10:46
эхх саясат сасык болот. Жоон эле тирилигибизди кылып эле журо берейличи))
+2
ALATOOLUK.JIGIT
2016-07-17 15:28:20
Туркиядагы ушундай маанидеги окуялар "Долина волковдун"эпизодторундай элестей берет.
+1
Jaloshtalnarisbatchui
2016-07-17 18:28:44
Ар бир адам оюн айтууга укуктуу..Гюленди жаман коргондорду жакшы кор деп зордуктабайбыз..Бирок айтаарыбыз:Террористтерди мусулман эмес,мусулмандар террорист эмес деп ,террористтерге каршы чыккан учун жамандалып жатат.. Гюленге айтылган жаман создорду Сороско ,Агаханга ,террористтерге айта алышат бекен биздин билерман мекендештер...
+1
Bakyi
2016-07-17 18:49:34
Ех Феточылар ..... Дин аалымы дейт аны Ал дин Аалымы болгондо Себат лицейиндеги окуучуларга Намаз уйротуп Намаз окутмак
Дин мн дуйнону талап кылгандар еее
+1
admin_portal
2016-07-18 09:43:38
zamandash, жеке айтышуулар купуяга!
0
admin_portal
2016-07-18 09:45:42
limuna, Rifle_S, порталдын башка колдонуучуларын кемсинтүүгө тыюу салынат! Жеке билдирүүлөр купуяга! Эскертүү!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан