Куралчан топ Еревандагы Эребуни аймагындагы полициянын имаратын басып алып, 1 адам каза тапты. Бул тууралуу бүгүн, 17-июлда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, полиция имаратынын жанына аскерлер тартылып, Эребуни аймагына баруучу жолдор жабылганы айтылууда. Белгилүү болгондой, полиция имаратын басып алгандар курал-жарактарды мыйзамсыз алып жүрүү, сактоо жана ташуу боюнча айыпталып 2 айга камакка алынган "Жаңы Армения" коомдук куткаруу оппозициялык фронтунун лидери Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылышууда. "Куралчан топ полиция имаратын эртеӊ менен басып алган. Натыйжада 1 адам каза тапты", - деп айтылат маалыматта.