20-26-июль аралыгында Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчилиги уюштуруп жаткан Ысык-Көлдө жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чарасы орун алат. Бул иш-чарага катышуу үчүн Малайзиядан англис тил мугалимдери жана мектеп окуучулары Кыргыз жерине келишти. Бүгүн, 19-июлда Бишкектеги "Манас" аэропортуна келип түшкөн топту Кыргыз Республикасынын Малайзиядагы элчиси Кылычбек Султанов, иш-чарага катышуу үчүн чакырылган мугалимдер тосуп алышты.
Буга чейин Кыргыз Республикасынын райондук администрациялары, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынын мэриялары бул жайкы эс алуу учурундагы билим берүү иш-чараларына мектептерден бирден окуучу тандап беришкен (окуучулардын тизмеси). Малайзиядан келген коноктор Кыргыз жеринин төрт бурчунан чогулган окуучулардын калың тобу менен эртең президент Алмазбек Атамбаев окуган мектепте болуп, андан соң Ысык-Көлдү көздөй бет алышат. Көлдө өлкөбүздүн 40тан ашык окуучусу үчүн англис тили боюнча сабак өтүлмөкчү.