Ош шаарынын окуучулары Орусиянын Ленинград облусунда өтүп жаткан жаш куткаруучулардын “Коопсуз мектеп” Эл аралык мелдешине өлкө атынан катышууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Ош шаардык башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, мелдешке Кыргыз Республикасы, Орусия, Болгария, Сербия, Польша, Казакстан, Беларусь, Азербайжан мамлекеттеринен окуучулар келишкен. 9 күнгө созула турган иш-чара алкагында бул командалар арасында бир катар мелдештерди уюштуруу пландалган.