Тарых музейиндеги өрттүн келип чыгуу себептери тактала элек. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда SUPER.KG порталына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, өрт тууралуу кабар 22-июль күнү саат 22:12 чамасында келип түшкөн. Тилсиз жоону өчүрүүгө 5 өрт өчүрүүчү унаа жана 90го жакын адам тартылып, 23-июль күнү саат 04:42 чамасында толук өчүрүлгөн.
“Өрттүн кесепетинен жыйын өтүүчү залдын жанында жайгашкан кампанын ичиндеги 300 чарчы метр жараксыз кагаздар, ар кандай чарбалык иштерде колдонуучу буюм-тайымдар жарым-жартылай күйүп, түтөгөн. Бактыга жараша, көргөзмөгө коюлуучу экспонаттар зыянга учураган эмес. Алар толугу менен жер төлөгө киргизилген”, - деп билдирди ӨКМнын басма сөз кызматы.