24-июлда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акибаев Бишкек-Чолпон-Ата жолундагы Боом капчыгайындагы кафелердин ээлери менен жолугушту. Бул тууралуу бүгүн, 25-июлда ыйгарым укуктуу өкүлдүн басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, жолугушууда облус башчы Ысык-Көлгө көптөгөн чет элдик жана жергиликтүү тургундар келишерин айтып, алардын көпчүлүгү кафелердин тейлөөсү менен ажатканалардын абалы начар экенин билдиришкенин кошумчалады.
"Бул жылы биздин аймакта ири масштабдуу иш-чаралар өтөт, ага ылайык, тейлөө жогорку деңгээлде болушу керек. Аймактын жакшы имиджи жана туристтик багыттын өнүгүүсү баарыбыздан көз каранды", - деди Акибаев.
"Ажатканалардын абалын өзүнчө айта кетиш керек. Кыргыздар илгертен "эшигин көрүп, төрүнө өт" деп айтып келишкен, андыктан Ысык-Көлгө бара жаткан туристтер алгач коомдук тамактануучу жайларга жана ажатканага көңүл бурушат. Бардык талаптарга жооп берген таза ажаткана - эң жакшы маркетингдик кадам. Силер бул маселени чече аласыңар деген ойдомун", - деп кошумчалады облус башчы.
Өз кезегинде кафелердин ээлери бир айда бул маселени чечүүгө сөз беришти.