Түгөлбай Казаков маданият, маалымат жана туризм министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка кол коюлганын президенттин маалымат кызматы билдирди. Аны аталган министрликтин жамаатына өкмөттүк аппараттын башчысы Акылбек Осмоналиев тааныштырды.
Буга чейин аталган министрликти Алтынбек Максүтов жетектеп келген. Ал бүгүн Алмазбек Атамбаевдин жарлыгы менен кызматтан алынды.
Түгөлбай Казаков - КРнын Эл артисти, обончу, композитор.